Энергетика министрлиги өз күчү менен Кыргызстанда бир нече кичи ГЭСтерди курат

Энергетика министрлиги өз күчү менен Кыргызстанда бир нече кичи ГЭСтерди курат. Бул тууралуу ведомство жетекчиси Доскул Бекмурзаев жарыялады. Анын айтымында, кеп Орто-Токой, Сары-Жаз, Кара-Көл жана Төрт-Көл станциялары тууралуу болуп жатат.

 

Учурда Бала-Саруу ГЭСинин курулушу уланууда. Бекмурзаев белгилегендей, Кыргызстан үчүн кичи гидро электр станцияларын өнүктүрүү эң эле перспективдүү тармак болуп эсептелет, анткени, мындай объектилер кайра жаралуучу энергия булактарына кирет.