Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алынды

Бишкек-Ош унаа жолунда жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөөлөр алынды. Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Көк-Бел ашууларында абал турукташты, — дешти Унаа жана жолдор министрлигинен.

 

Андыктан, транспорттун бардык түрү тоскоолдуксуз жүрүп жатат. Буга карабай, тоолуу аймактарга сапарга чыга турган айдоочуларга этият болуу сунушталат.