Балыкчы – Каракол унаа жолунун курулушу 90 пайызга аяктады

Балыкчы – Каракол унаа жолунун курулушу 90 пайызга аяктады. Министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришкендей, учурда жеринде көпүрө салынып, түтүктөр өткөрүлүүдө.

 

Трассанын жалпы узундугу 141 чакырымды түзөт, учурда иштер анын 25-чакырымына чейинки тилкесинде жүрүп жатат. курулуш иштер соңуна чыккандан кийин жол 4 чийиндүү болуп, эл аралык макамына ээ болот.