Сокулук районунун Алтын-Ордо тилкесинде таза суу системасы курулду

Сокулук районунун Алтын-Ордо тилкесинде таза суу системасы курулду. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, долбоорду ишке ашырууга 20 миллион сом жумшалды.

 

Каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүндү жана жергиликтүү тургундар тарабынан чогултулду.