Бишкекте Советтер Союзунун баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун эстелиги жаңыртылат

Бишкекте Советтер Союзунун баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун эстелиги жаңыртылат.

 

Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, буга чейин бетондон куюлган айкел колодон жасалып, алмаштырылат. Жаңыртылган эстелик легендарлуу Панфилов дивизиясынын 80 жылдыгына карата декабрда орнотулат.