Бишкекте троллейбустар түнкү саат 10го чейин каттайт

Бишкекте троллейбустар түнкү саат 10го чейин каттайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн ордо калаада жургүнчүлөрдү 124 троллейбус, 70 автобус жана 600 маршруттук такси ташыйт. Троллейбустан тышкары, башка коомдук унаалардын иштөө графиги мурдагы бойдон, өзгөргөн жок.

Кыргызстандагы чет өлкөлүктөр эми камсыздандыруу акысын 9 эсе көп төлөйт

Кыргызстандагы чет өлкөлүктөр эми камсыздандыруу акысын 9 эсе көп төлөйт. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Документке ылайык, өлкөдө убактылуу жүргөн чет элдик жарандардын учурдагы 3 пайыздык камсыздандыруу төгүмү кыргызстандык жумушчулар төлөгөн 27,25 пайыздык тарифке теңелет. Муну менен аларга кийин пенсиялык камсыздалуусуна бирдей укук… Кененирээк…

Кыргызстанда очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титиреди

Кыргызстанда очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титиреди. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 17-ноябрда саат 17:17де сезилген. Жер титирөө Жалал-Абад жана Ош облустарынын, Соку-Таш, Беш-Бадам, Ак-Тоок, Фрунзе, Октябрское айылдарында 5 балл, Кызыл-Октябрь, Карача, Советское, Бешик-Жон, Базар-Коргон, Бостон, Благовещенко, Багыш, Михайловка, Кара-Чолок, Сары-Булак, Карамарт,… Кененирээк…

Аргентинанын улуттук командасы 2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык баскычына өттү

Аргентинанын улуттук командасы 2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык баскычына өттү. Түштүк Америкада тандоо раундунун 14-турунун алкагындагы беттеште Аргентиналыктар Бразилиянын футболчулары менен беттешип, оюн 0:0 эсебинде аяктады. Муну менен Аргентина курамасы дүйнө биринчилигинин финалдык баскычына жолдомо алды. Жыйынтыктоочу беттештин эсебинде 13 курама команда бар.

Бишкектин көчөлөрүн кардан арылтуу иштери тынымсыз жүрүүдө

Бишкектин көчөлөрүн кардан арылтуу иштери тынымсыз жүрүүдө. “Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери учурда ордо калаанын 133 көчөсүнө инерттүү материалды сээп жатат. Унаа жолдордогу карды тазалоого 39 атайын техника тартылды. Ошондой эле аялдама жана тротуарларды 700 кызматкер тазалоодо.

Баткен районундагы сел агызып кеткен көпүрөлөр калыбына келтирилүүдө

Баткен районундагы сел агызып кеткен көпүрөлөр калыбына келтирилүүдө. Жергиликтүү администрациядан билдиришкендей, Газ, Согмент, Сай айылындарында иштер жүрүүдө. Курулуш Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аткарылып жатат. Жакынкы аралыкта 2 айылдагы 10-11 метрлик көпүрөлөр пайдаланууга берилет. Калгандарында графикке ылайык уланат.

Бишкекте көмүр сатуучу 7 отун базасы жана 20 стационардык түйүн иштеп жатат

Бишкекте көмүр сатуучу 7 отун базасы жана 20 стационардык түйүн иштеп жатат. Мэриядан билдиришкендей, аларда казкстандык көмүрдүн баасы тоннасына 4 миң 500 сомду түзөт. Ал эми жергиликтүү Кара-Кече кенинин отуну 3 миңден 5 миң 700 сомго чейин сатылууда. Андан тышкары, бааларды турукташтыруу жана калкты арзан… Кененирээк…

Кыргызстанда бензиндин баасы 2-3 жумадан кийин көтөрүлөт

Кыргызстанда бензиндин баасы 2-3 жумадан кийин көтөрүлөт. АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин наркы 8 сомго, дизелдик отун 12 сомго жогорулайт, — деп билдирди мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов. Анын айтымында, ири компаниялар мындан ары төмөн бааны кармап тура албайт. Кыргызстан Россиядан айына 45-50 миң тонна дизелдик… Кененирээк…

Бишкек – Ош унаа жолундагы «Сосновка» өткөрүү түйүнүндө оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди

Бишкек – Ош унаа жолундагы «Сосновка» өткөрүү түйүнүндө оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөө киргизилди. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, аталган түйүндөн жеңил унаалар аралыкты сактоо менен өткөрүлүүдө. Чектөөлөр аба-ырайынын шарттары жакшырганга чейин сакталат. Өлкөнүн тоолуу аймактарында жолчулар тилкени кардан тазалап, инерттүү материал себүүдө.… Кененирээк…

Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды

Азамат Жээнбеков Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Алмаз Мамбетов кол койду. Бүгүн жаңы жетекчи мэриянын аппаратына тааныштырылып, иш баштады. 33 жаштагы Азамат Жээнбеков эки жогорку билимдин ээси. 2011-2019-жылдары 7-каналда, 2019-2021-жылдары Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдындагы Маалымат борборунун директору… Кененирээк…