Бишкектин Арча-Бешик конушунда мектептин курулушу 65 пайызга аяктады

Бишкектин Арча-Бешик конушунда мектептин курулушу 65 пайызга аяктады.

 

Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мектеп 500 окуучуга чакталат.

 

Учурда ички жасалгалоо, сантехникалык, жылуулук системаларын орнотуу иштери аткарылып жатат.   1 миллион 230 миң долларды курулуш иштерине Сауд өнүктүрүү фонду бөлүп берген. Мектеп кийинки жылдын жазында колдонууга берилет деп пландалууда.