Кыргызстанда 16 жаштан өткөндөргө коронавируска каршы “Файзер” вакцинасын алууга уруксат берилди

Кыргызстанда 16 жаштан өткөндөргө коронавируска каршы “Файзер” вакцинасын алууга уруксат берилди. Аталган препараттын кошумча дозалары алынып келингенде 12 жаштан өткөн өспүрүмдөр да алса болот.   Адистердин далилдүү сунуштарынын негизинде Саламаттык сактоо министрлиги ушундай чечим кабыл алганын расмий маалымдады. Эмдөө биринчи кезекте коронавирустун оор коркунучу жогору… Кененирээк…

Бишкекте балдардын арасында курч респиратордук вирустарга жана пневмонияга кабылуу күч алууда

Бишкекте балдардын арасында курч респиратордук вирустарга жана пневмонияга кабылуу күч алууда. Мэриядан билдиришкендей, күн сайын клиникаларга орточо эсеп менен 500дөн ашык бала кайрылууда.   Буга байланыштуу ооруканалар эс алуусу жок иштөөсүн улантып жатат. Андан тышкары, шаардык балдар клиникалык ооруканасынын кабыл алуу бөлүмүндө дем алыш күндөрү… Кененирээк…

«Ош электр» ишканасынын кызматкерлери үйлөргө рейд жүргүзүп, жылыткычтарга мөөр басып жатат

«Ош электр» ишканасынын кызматкерлери үйлөргө рейд жүргүзүп, жылыткычтарга мөөр басып жатат. Текшерүүлөр Ош, Баткен облустарында жана Ош шаарында жүрүп жатат. Анын алкагында, токту чектен ашыкча колдонгон учурлар аныкталып, энергияны көп талап кылган жылыткычтарга убактылуу мөөр басылууда. Мындай чаралар энергоресурстарды үнөмдүү пайдалануу жана авариялык абалды алдын… Кененирээк…

Бишкек мэриясы жарандарды унааны бак-дарактардын алдына калтырбоону эскертет

Бишкек мэриясы жарандарды унааны бак-дарактардын алдына калтырбоону эскертет. Мэриядан билдиришкендей, борбор калаада нымдуу кар бак-дарактардын салмагына терс таасирин тийгизүүдө. Бак-дарактардын жана бутактардын кулаганына күбө болсоңуз, анда “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын 32-62-33, 0504 21 06 00 номерлерине жана борбор калаанын мэриясынын Call-борборунун 1840 жана 1850 күнү-түнү иштеген… Кененирээк…

Караколдо кышкы туристтик сезон кийинки жумада ачылат

Караколдо кышкы туристтик сезон кийинки жумада ачылат. Расмий азем 27-ноябрда өтөт, анда лыжа жана сноуборд сүйүүчүлөр үчүн сынактар, лыжа боюнча мастер-класстар, эс алуучулар арасында түрдүү конкурстар, лотереялар, концерттик программа жана башка көптөгөн иш-чаралар уюштурулат. Оюн-зоок эртеси, 28-ноябрда дагы уланат.

Бишкектин 23 көчө кесилишине жол чырак орнотулду

Бишкектин 23 көчө кесилишине жол чырак орнотулду. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, жол кыймылын көзөмөлдөөчү жабдуунун 18и унаалар үчүн болсо, бешөө жөө жүрүүчүлөр үчүн. Ошондой эле кийинки жылы ордо калаа көчөлөрүндө унаалар жана жөө жүрүүчүлөр үчүн 43 жол чырак орнотулат. Жабдуулар мектептин, бала бакчанын жана калктуу конуштардын… Кененирээк…

Тогуз-Торо районундагы өрт чыккан мектепте сабактар 2 сменада уланат

Тогуз-Торо районундагы өрт чыккан мектепте сабактар 2 сменада уланат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, аталган аймактагы жаңы мектептин курулушу бүтө электигине байланыштуу окуучулар сабактарды эски жараксыз абалдагы эки корпуста өтүп келишкен. Чыккан өрттөн улам эми бир эле корпуста 2 сменада билим берилет. Учурда эски мектепте… Кененирээк…

Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун курулушу аяктоо алдында турат

Бишкек – Кара-Балта унаа жолунун курулушу аяктоо алдында турат. Биринчи этаптын алкагында оңдоло турган тилкенин 45 чакырым аралыгына эки катмар асфальт төшөлдү. Бул Бишкекке кире бериштеги мамлекеттик унаа инспекциясынын түйүнүнөн Кара-Балта шаарына чейинки бөлүк. Эми жолго белгилерди чийүү жана жарыктандыруу иштери аткарылат, — деди Novosti.kgге… Кененирээк…

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 11 миң 446 адам эмдөөдөн өттү

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19га каршы 11 миң 446 адам эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. Маалыматка ылайык, анын ичинен 5 миң 613 адам вакцинанын биринчи дозасын, 5 миң 833 жаран экинчи дозасын алды. Өлкө боюнча жалпы 1 млн 55 миң 832 адам вакцинанын биринчи… Кененирээк…

Instagram «шектүү» колдонуучулардын өздүгүн аныктоо үчүн эми видеоселфи сурайт

Instagram «шектүү» колдонуучулардын өздүгүн аныктоо үчүн эми видеоселфи сурайт. Өзүңдүн ким экениңди көрсөтүү үчүн жүзүңдү ар кайсы жагынан көрсөтүп берүү керек. Камера тартып жатканда көз тике карап турушу зарыл. Мындай чаралар  айрым аккаунттардын шек жараткан активдүүлүгүнөн улам көрүлөт. Видеону соцтармактын кызматкерлери карап чыгат, эгер аккаунт… Кененирээк…