Бишкекте коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөр үчүн атайын арзандатуулар берилет. Свердлов районунун акимиаты ишкерлер менен калкты эмдөө боюнча иш алып барууда.
Анын алкагында, вакцина алгандарга борбордогу айрым кийим-кече саткан дүкөндөрдө, айрым кафелер менен чач-тарачтарда 10 пайызга чейин арзандатуулар берилет. Товар жана кызматтарга жеңилдик алуу үчүн паспорт жана коронавируска каршы вакцина алгандыгын тастыктаган сертификат болушу шарт.