Бишкек мэриясы зыяндуу заттарды өрттөгөндөр жоопкерчиликке тартыла турганын эскертет.
Муниципалитеттен белгилешкендей, пластик, резина буюмдарын, тигүү цехтеринин таштандысын өрттөп же отун катары жагып жаткандар аныкталса, 7 миңден 23 миң сомго чейин айып салынат.
Белгилеп кетсек, Бишкекте соңку жылдары кыш башталганы шаарды кара түтүн каптап, аба булганганы олуттуу көйгөй болууда.