Беш жылдан бери жабык турган Улуттук тарых музейи 20-ноябрда ачылат. Бул тууралуу Маданият министри Азамат Жамангулов жарыялады. Анын айтымында, каалоочулар 30-ноябрга чейин музейге акысыз кире алат.
Эске салсак, Тарых музейинде оңдоо иштери 2016-жылы башталган. Калыбына келтирүү жумуштарын аткаруудагы коррупциялык бузуулардан улам анын расмий ачылышы буга чейин бир нече ирет жылдырылган.