Пандемияда кызыктуу вакансиялар пайда болууда

Пандемияда кызыктуу вакансиялар пайда болууда.

 

Санкт-Петербургда QR код контролерлору талап кылынууда. Азырынча жалпы реестрде  мындай кесип жок. Ошондуктан электрондук кулактандырууларда кызматкерлер — маселен, кароолчу-контролёрлор деп аталат.

 

Алардын милдеттерине келген адамдарды тосуп алуу жана алардын ковидге каршы документтерин текшерүү кирет. Буга чейин мындай вакансия хоккей клубунда жана спорт комплекстеринин биринде пайда болду. Эске салсак, Россияда QR коддор оюн-зоок жайларына, бассейндерге, спорт залдарга барганда, ошондой эле үйлөнүү үлпөт тоюнда талап кылынат.