Meta жок нерсени бар кылып сездирген кол каптын видеосун жарыялады

Кол каптын алаканга жана манжалардын ички бөлүгүнө тийген жерлери атайын иштеткилер (привод — ред.) менен жабдылган. Аны Reality Labs бөлүмү иштеп чыкканы айтылган.

VR кол (виртуалдуу) капты кийгенден кийин кандайдыр бир буюмду кармап же аны сылап жаткандай сезимдерди бере алат. Колду тийгизгенде объект алаканды кысып жаткандай болот, ал эми кармаганда түртүлүү күчүнүн реакциясын сездирет.

 

Маалыматта бул кол каптарды массалык түрдө чыгарууга али эрте экендиги айтылган. Ойлоп тапкандар иштеткилердин санын көбөйтүп, ал эми түзүмдүн көлөмүн кичинекей кылуу максатын көздөп жатканы маалымдалды.

Эске салсак, октябрдын аягында Facebook компаниясы аталышын Meta деп өзгөрткөн. Компания атын алмаштырган менен Facebook социалдык тармагы мурдагы аталышын сактап калды.