Синоптиктер туруксуз аба-ырайы тууралуу эскертет

Синоптиктер туруксуз аба-ырайы тууралуу эскертет. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 26-27-ноябрда абанын табы кескин төмөндөйт. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаайт, термометр мамычалары дароо бир нече градуска төмөндөйт, ал эми батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 22 метрге чейин жетет. Мындай туруксуз аба-ырайы транспорттун, байланыш каражаттарынын, энергетика жана… Кененирээк…

Кыргызстанда авиабилеттер арзандады

Кыргызстанда авиабилеттер арзандады. Жарандык авиация агенттигинин директору Александр Настаев билдиргендей, баалардын түшүшү августтан бери катталууда. Алсак, Россияга учуу үчүн жазда 60 миң сомго жетсе, учурда андан бир кыйла төмөн.  Айрым багыттар боюнча билеттер пандемияга чейинки баадан да арзан сатылууда. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жазында Россия менен… Кененирээк…

Кара-Көл шаарында да “Акылдуу шаар” долбоору ишке кирет

  Кара-Көл шаарында да “Акылдуу шаар” долбоору ишке кирет. “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканасы менен шаардын мэриясы долбоорду биргелешип ишке ашыруу боюнча меморандум жетишилди. Анын алкагында, “Акылдуу шаар” аймакты коопсуз, муниципалдык башкаруу системасын ачык жана жеткиликтүү кылып, инфраструктураны интенсивдүү өнүктүрүүгө негиз түзөөрү белгиленди. Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында… Кененирээк…

Түшүм начар болгонуна карабай, өлкөдө буудай тартыш болбойт

Түшүм начар болгонуна карабай, өлкөдө буудай тартыш болбойт. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, быйыл үрөн, тоют буудайы жана арпа 35 пайызга жыйналбай калды. Бирок бул өлкө буудайынын жалпы көлөмүнө таасирин тийгизбейт. Эгерде адам башына эсептегенде, ар бир кыргызстандык орточо эсеп… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун деңгээли төмөндөөдө

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун деңгээли төмөндөөдө. “Электр станциялары” ишканасынын маалыматына ылайык, өлкөнүн башкы резервуарында болгону 11 миллиарддан ашык суу бар. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу  дээрлик 3,5 миллиард кубометрге төмөн. Өлкө бийлиги тартыштык көйгөйүн калкка электр энергиясын берүүгө чектөөлөрдү киргизүү менен чечүү аракетинде. Адистер суу сактагычтагы… Кененирээк…

FIFA жылдын мыкты оюнчусу наамына башкы талапкерлерди атады

FIFA жылдын мыкты оюнчусу наамына башкы талапкерлерди атады. Эл аралык футбол ассоциациясынын тизмесине 11 спортчу кирди. Үчөө “ПСЖдан” – Килиан Мбаппе, Лионель Месси жана Неймар, эки талапкер “Челси” клубунан — Н’Голо Канте жана Жоржиньо. Кыска тизмеге ошондой эле Карим Бензема, Криштиану Роналду менен Мухамед Салах… Кененирээк…

Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы 13 миңден ашуун үй-бүлөнүн жер тилкелери  1-апрелге чейин мыйзамдаштырылат

Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы 13 миңден ашуун үй-бүлөнүн жер тилкелери  1-апрелге чейин мыйзамдаштырылат. Бул боюнча президент Садыр Жапаров кече аталган айылдын жашоочулары менен жолугушканда билдирди.   Ал тиешелүү тапшырманы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө берип, маселе белгиленген мөөнөттө чечилбесе чиновниктер жоопкерчиликке тартыларын эскертти.   “Азаттыктын” маалыматы боюнча, Кыргызстанда… Кененирээк…

Белгилүү америкалык NETFLIX студиясы Кыргызстанда тасма тартты

Белгилүү америкалык NETFLIX студиясы Кыргызстанда тасма тартты. БУУнун Өнүктүрүү программасынын баракчасында жарыялангандай, долбоордун алкагында биздин өлкөгө Нидерландыдан кино тартуучу топ келип кеткен.   Дүйнөнүн   30 өлкөсүндө тартылуучу маданий көп түрдүүлүк тууралуу даректүү тасмада кыргыздын салбуурун аңчылыгы да көрсөтүлөт. Тасма 2022-жылы дүйнөнүн 150дөн ашык өлкөсүнө көрсөтүлөт.

Быйыл Бишкекке 20 миң көчөткө көп жоогазын отургузулду

Быйыл Бишкекке 20 миң көчөткө көп жоогазын отургузулду. Мэриядан билдиршкендей, учурда ордо калаанын гүлзарларына жалпысынан 150 миң түп жоогазын тигилди.   Гүлдөрдү жазында Жаштар аллеясында, Курманжан датканын эстелигинин жанындагы Театралдык парктын айланасында, Фрунзе, Пушкин,  Ахунбаев, 7-апрель көчөлөрүн кесилиштеринде  көрүүгө болот.

Кыргызстанда кышкы туристтик сезондун расмий ачылышы 27-ноябрда өтөт

Кыргызстанда кышкы туристтик сезондун расмий ачылышы 27-ноябрда өтөт. Маданият министрлигинен эске салышкандай, иш-чара Каракол шаарындагы тоо-лыжа базасында уюштурулат.   Иш-чара жергиликтүү калкты жана чет элдик туристтерди кышкы туризмге активдүү тартууну, өлкөнүн кооз аймактарын пропагандалоо менен бирге дени сак жашоо образын жайылтууну көздөйт.