Түшүм начар болгонуна карабай, өлкөдө буудай тартыш болбойт

Түшүм начар болгонуна карабай, өлкөдө буудай тартыш болбойт.

Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, быйыл үрөн, тоют буудайы жана арпа 35 пайызга

жыйналбай калды. Бирок бул өлкө буудайынын жалпы көлөмүнө

таасирин тийгизбейт. Эгерде адам башына эсептегенде, ар бир

кыргызстандык орточо эсеп менен 115 килограмм керектейт.

Учурда мындай көлөмдөгү буудай бар, андыктан тартыштык

боюнча тынчсызданууга негиз жок», — деп белгиледи министр.