FIFA жылдын мыкты оюнчусу наамына башкы талапкерлерди атады

FIFA жылдын мыкты оюнчусу наамына башкы талапкерлерди атады. Эл аралык футбол ассоциациясынын тизмесине 11 спортчу кирди. Үчөө “ПСЖдан” – Килиан Мбаппе, Лионель Месси жана Неймар, эки талапкер “Челси” клубунан — Н’Голо Канте жана Жоржиньо. Кыска тизмеге ошондой эле Карим Бензема, Криштиану Роналду менен Мухамед Салах кирет.

 

Наамга ошондой эле былтыркы жылдын мыкты оюнчусу “Бавариянын” форварды Роберт Левандовски талапкер. Добуш берүү 10-декабрга чейин жүрүп, салтанатуу тапшыруу аземи 17-январда онлайн форматта өтөт.