Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы 13 миңден ашуун үй-бүлөнүн жер тилкелери  1-апрелге чейин мыйзамдаштырылат

Ак-Ордо-3 жаңы конушундагы 13 миңден ашуун үй-бүлөнүн жер тилкелери  1-апрелге чейин мыйзамдаштырылат. Бул боюнча президент Садыр Жапаров кече аталган айылдын жашоочулары менен жолугушканда билдирди.

 

Ал тиешелүү тапшырманы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө берип, маселе белгиленген мөөнөттө чечилбесе чиновниктер жоопкерчиликке тартыларын эскертти.

 

“Азаттыктын” маалыматы боюнча, Кыргызстанда 13 миң гектарга жакын айдоо жерлерине  үйлөр салынып, эл жашайт.