Филиппидик блогер сүйүктүүсүнө туулган күнүнө 20 миң долларлык купюралардан өзгөчө гүлдесте белек кылды

Филиппидик блогер Вон Ордонья сүйүктүүсүнө туулган күнүнө 20 миң долларлык купюралардан өзгөчө гүлдесте белек кылды. Ал блогердин өзүнөн дагы чоң болду. Кыз дагы мындай белекке өтө кубанганын билдирди.   Ордонья белгилегендей, бул алар бирге майрамдаган алгачкы туулган күн болгондуктан, өзгөчө белек кылууну чечкен. Вон Ордонья… Кененирээк…

Бишкектин башкы аянтында жаңы жылдын символдору орнотулуп баштады

Бишкектин башкы аянтында жаңы жылдын символдору орнотулуп баштады.   Быйыл балаты адаттагыдан эрте орнотулуп жатат. “Бишкексвет” жана “Тазалыктын” кызматкерлери токой сулуусунун темир каркасын тургузууда.   Башкы балатынын бийиктиги 25 метрди түзсө, диаметри 12 метрге жетет. Ага миңдеген бутак бекитилет. Мэриядан такташкандай, ордо калааны майрамдык жасалгалоо… Кененирээк…

Бажы чек арасынан товар өткөрүүдөгү коридорлордун түрү аныкталды

Бажы чек арасынан товар өткөрүүдөгү коридорлордун түрү аныкталды. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Алсак, жашыл, сары жана кызыл коридорлор белгиленди.   Алар коркунучтун төмөнкү, орто жана жогорку деңгээли менен айырмаланат. Мисалы, жашыл коридор боюнча товар өткөрүүдө коркунучтарды азайтуу чаралары колдонулбайт, ал… Кененирээк…

Милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда

Милиция күчөтүлгөн тартипте иштөөсүн улантууда. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, коомдук тартипти сактоого 12 миң кызматкер тартылды. Ошондой эле, шайлоо тилкелеринде 6 миңдей милиция кызматкери нөөмөттө турат.   Жалпысынан, өлкөдө шайлоодон кийин абал туруктуу.

БШК Жогорку Кеңешке шайлоодо берилген добуштарды кол менен эсептеп баштады

БШК Жогорку Кеңешке шайлоодо берилген добуштарды кол менен эсептеп баштады. Саат 12ге карата комиссияга шайлоо участкаларынан 289 протокол келип түшт, бул 11,5 пайызды түзөт.   Ал эми жалпысынан  3 миллион 703 ми 420 жаран шайлоо укугуна ээ болгон.   Белгилеп кетсек, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы… Кененирээк…

Дүйнөлүк туризм COVID-19 пандемиясына чейинки көрсөткүчүнө 2023-жылдан кийин кайта баштайт

Дүйнөлүк туризм COVID-19 пандемиясына чейинки көрсөткүчүнө 2023-жылдан кийин кайта баштайт. Бул тууралуу бириккен улуттар уюмунун туристтик  уюмунун башкы катчысы Зураб Пололикашвили билдирди. Анын айтымында, учурда Түштүк Европа, Борбор Азия жана Кариб бассейни аймактарында туризм калыбына келе баштады.

Нарын шаарына жаңы мэр дайындалды

Нарын шаарына жаңы мэр дайындалды. Президент Садыр Жапаров кол койгон букка ылайык, калаа башчысы болуп Жаныш Курбанов бекитилди. Эске салсак, буга чейинки мэр Самарбек Болотбеков сентябрда өз каалосу менен жазган арызынын негизинде кызматын тапшырган. Андан кийин эле октябрда Нарын шаардык кеңеши калаа башчылыгына Арсланбек Сталбек… Кененирээк…

2022-жылдын 1-апрелинде Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 7 миллиард кубометрге чейин төмөндөйт

2022-жылдын 1-апрелинде Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 7 миллиард кубометрге чейин төмөндөйт. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, резервуардагы нымдуулукту үнөмдөө максатында кыргызстан Түркмөнстан менен 500 миллион кВт/саат электроэнергияны импорттоону макулдашты. 10-ноябрга карата 309 миллион кВт/саат жеткирилди. Ошондой эле Кыргызстан алмашуу ыкмасы… Кененирээк…

Өлкөнүн энергосекторунун карызы дээрлик 135,5 миллиард сомго жетти

Өлкөнүн энергосекторунун карызы дээрлик 135,5 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында, карыздарды төлөөнүн туу чокусу 2023-2033-жылдарга туура келет. Бересени тейлөө үчүн энергокомпаниялар чыгашаларды эки эсе кыскартышы зарыл, — деп белгиледи министр. Эске салсак, быйыл Токтогул суу сактагычындагы төмөн көрсөткүчтөн… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров бардык саясий күчтөрдү шайлоонун жыйынтыгын таанууга чакырды

Президент Садыр Жапаров бардык саясий күчтөрдү шайлоонун жыйынтыгын таанууга чакырды. Мындай билдирүүнү ал калкка кайрылууда билдирди. Жапаровдун айтымында, шайлоонун жыйынтыгын таануу жана элдин эркине баш ийүүнү – мыйзам жана демократия талап кылат. Анын айтымында, Кыргызстанга тынчтык жана туруктуулук керек. Жапаров белгилегендей, бийлик өкүлдөрү шайлоо процессине… Кененирээк…