Бишкектин башкы аянтында жаңы жылдын символдору орнотулуп баштады

Бишкектин башкы аянтында жаңы жылдын символдору орнотулуп баштады.

 

Быйыл балаты адаттагыдан эрте орнотулуп жатат. “Бишкексвет” жана “Тазалыктын” кызматкерлери токой сулуусунун темир каркасын тургузууда.

 

Башкы балатынын бийиктиги 25 метрди түзсө, диаметри 12 метрге жетет. Ага миңдеген бутак бекитилет. Мэриядан такташкандай, ордо калааны майрамдык жасалгалоо иштери декабрдын ортосунда чейин созулат.