Өлкөнүн энергосекторунун карызы дээрлик 135,5 миллиард сомго жетти.
Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Анын айтымында,
карыздарды төлөөнүн туу чокусу 2023-2033-жылдарга туура келет. Бересени тейлөө
үчүн энергокомпаниялар чыгашаларды эки эсе кыскартышы зарыл, — деп белгиледи
министр. Эске салсак, быйыл Токтогул суу сактагычындагы төмөн көрсөткүчтөн
улам Кыргызстан акыркы жылдардагы эң масштабдуу энергетикалык кризиске
туш болду. Үнөмдөө максатында энергокомпаниялар электр энергиянын
кубаттуулугунун лимитине чектөө киргизүүдө.