Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Мырза-Аке — Кара-Кулжа – Алайкуу, Ала-Бука — Каныш-Кыя — Кызыл-Адыр жана Каракол-Эңилчек унаа жолдоруна кар көчкү түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Андан улам айдоочуларга этият болуу сунушталат. Унаалар ортосундагы аралык сакталышы… Кененирээк…

Билим берүү министрлиги 90 миллион сомго компьютер сатып алат

Билим берүү министрлиги 90 миллион сомго компьютер сатып алат. Бул тууралуу маалымат Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды. Ведомство жалпы билим берүү мекемелерине 1 миң 612 даана жабдуу сатып алууну пландап жатат. Техникалар «Электрондук мектеп» долбоорунун алкагында алынат.

Барына каршы добуш эң көп берилген тилкелерде кайра шайлоо өтөт

Барына каршы добуш эң көп берилген тилкелерде кайра шайлоо өтөт. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Анын айтымында, шайлоо мыйзамына ылайык, эгер бир мандаттуу округдардагы шайлоодо “баарына каршы” графасы алдыга чыгып кетсе, анда бир ай аралыгында кайра шайлоо дайындалышы керек. Белгилей кетсек, шайлоонун алдын… Кененирээк…

Кыргызстанда бүгүн окуучулардын басымдуусу онлайн форматта окуп жатат

Кыргызстанда бүгүн окуучулардын басымдуусу онлайн форматта окуп жатат. Шайлоо тилкелери жайгашкан билим берүү мекемелери, бала бакчалар жана жогорку окуу жайлар санитардык тазалоо иштерине байланыштуу бир күнгө жабылды. Андан улам, бүгүн сабактар аралыктан уюштурулууда. Парламенттик шайлоо өткөн мектептер эртең ачылып, сабактар кадимки тартипте өткөрүлө баштайт.

Шайлоодогу бюллетендердин 9,63 пайызы жарактан чыкты

Шайлоодогу бюллетендердин 9,63 пайызы жарактан чыкты. БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, бул автоматтык эсептөө урналарынын алдын ала маалыматы. Эми алдыда кол менен эсептөө өтөт. Учурда чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелериндеги добуштар келип түшүүдө. Эске салсак, буга чейин БШК сайтынын иши үзгүлтүккө учурады. Жалпы добуштардын алдын ала… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 33 пайызы катышты

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 33 пайызы катышты. Маалымат автоматтык эсептөө урналары боюнча түнкү саат 12ге карата. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди. Жалпы добуш берүүчүлөрдүн саны 3 миллион 703 миң 420 болсо, шайлоого 1 миллион 234 миң 456 адам келип өз тандоосун… Кененирээк…

Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун эстелиги орнотулууда

Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун эстелиги орнотулууда. Айкел колодон жасалды, узундугу 9 метрди түзөт.  Ал Россияда жасалып, Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Эске салсак, Панфиловдун биринчи эстелиги 80 жыл мурда тургузулган. Ал калыбына келтирилип, Балыкчы шаарында Панфилов дивизиясы турган жерге орнотулду. Объект республикалык маанидеги искусство… Кененирээк…

Кыргызстанда өспүрүмдөр Pfizer вакцинасы менен эмделет

Кыргызстанда өспүрүмдөр Pfizer вакцинасы менен эмделет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, ноябрда калкты максималдуу түрдө эмдөөгө жетишүү үчүн жаңы категория киргизилген. Алар 16-18 жаш аралыгындагы өспүрүмдөр, кош бойлуулар жана бала эмизгендер. Өнөкөт илдети барлар жана улгайгандар менен дайыма байланышта болгон, ошондой эле өзүнүн да ден… Кененирээк…

Боршайком автоматтык эсептөө урналарынын БШКнын сайтындагы алдын ала маалыматын жаңылады

Боршайком автоматтык эсептөө урналарынын БШКнын сайтындагы алдын ала маалыматын жаңылады. Парламентке алдын ала 6 партия өтөт. Бирок бардык партиялардын алган добуштарынын суммасы 100 пайыздын ордуна 89 пайызды түздү. Буга чейин БШКнын сайтынын иши үзгүлтүккө учурап, проценттин суммасы 150дөн ашкан. Мындан кийин маалыматтар өчүрүлгөн. Алдын ала… Кененирээк…