БШК Жогорку Кеңешке шайлоодо берилген добуштарды кол менен эсептеп баштады. Саат 12ге карата комиссияга шайлоо участкаларынан 289 протокол келип түшт, бул 11,5 пайызды түзөт.
Ал эми жалпысынан 3 миллион 703 ми 420 жаран шайлоо укугуна ээ болгон.
Белгилеп кетсек, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча парламентке 6 партия өтөт. Бул ирет 120 эмес, 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык тизмеден келсе, 36сы бир мандаттуу округдан тандалат.