Кыргызстанда каржы пирамидасына алданган жарандардын жалпы чыгымы
3 миллион доллардан ашты. Бул тууралуу башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, катталган фактыларды тергөөнүн алкагында алданган
жарандардын саны 5 миңден ашты. Шектүүлөр маркетинг иш-чараларын
бурмалоо менен, жарандардын салган акчасы жыл сайын 260 пайызга чейин
жогорку үстөк менен кайтарылат деп убадалашкан. Каржы ишканасынын
2 кызматкери камакка алынды, калгандары өлкө аймагынан качып кеткен.
Алардын бөгөт чарасы сыртынан аныкталып, камакка алуу үчүн издөө жарыяланды.