«Түндүк» электрондук өз ара аракеттенуу борбору» мамлекеттик ишканасы жабылды.
Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен
билдиришти. Ишкананын жабылышы кайра уюштурууга байланыштуу. Бардык
суроолор боюнча «Инфоком» мамлекеттик ишканасына кайрылса болот.