Жогорку Кеңешти шайлоого катышкан 6 партияга күрөө акысы кайтарылат

Жогорку Кеңешти шайлоого катышкан 6 партияга күрөө акысы кайтарылат.

Бул тууралуу БШКдан билдиришти. Андан белгилешкендей, 1 миллион сомдук

күрөө акысы 5 пайыздык чектен ашкан саясий уюмдарга гана кайтарылып берилет.

Алар, «Ата Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан» жана

«Ыйман Нуру». Эми аталган партиялар шайлоо фондунун чыгымдары тууралуу толук

отчет бериши керек. Кошумчаласак, шайлоого 21 партия катышты. Муну

менен күрөө акысынын жалпы суммасы 21 миллион сомду түздү