Илон Маск «Тайм» журналынын версиясы боюнча «Жылдын адамы» аталды

Америкалык SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү, миллиардер

Илон Маск «Тайм» журналынын версиясы боюнча «Жылдын адамы» аталды.

Басылма белгилегендей, Маск планетаны сактап, жаңы планеталарды багындырып,

адамдарды ошол жерге көчүрүүнү көздөйт. Эске салсак, «Тайм» версиясы боюнча

былтыр бул номинацияга АКШ президенти Жо Байден жана вице-президент

Камала Харрис татыган. Ага чейин экоактивист Грета Тунберг, АКШнын

мурдагы президенти Дональд Трамп жана Россия лидери Владимир Путин болгон.