Кыргызстан Бириккен Араб Эмирлигине 3 миллион долларлык товар экспорттойт.
Өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришкендей, биздин өлкөдөн эт, бал,
кургатылган кара өрүк жана жаңгак экспорттоо боюнча келишимге кол коюлду.
Белгилеп кетсек, Дубайда «Кыргызстан — Бириккен Араб Эмирлиги» аталышындагы
бизнес-форум өттү. Ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары
Азиз Аалиев, тамак-аш жана өнөр жай, IT, энергетика жана
фармацевтикалык тармактардын өкүлдөрү катышты.