Адистер кумшекерден толугу менен баш тартуу организмге кандай өзгөрүүлөрдү алып келе турганын айтып беришти

Адистер кумшекерден толугу менен баш тартуу организмге кандай өзгөрүүлөрдү алып келе турганын айтып беришти. РИА Новости эндокринолог Татьяна Бочаровага шилтеме келтирип билдиргендей, таттууну бир ай жебей коюу —  организмдеги бардык системага оң таасир тийгизет.   Алсак, ичеги карындын иштеши, гормоналдык фон, зат алмашуу жакшырат. Уйкусуздук… Кененирээк…

Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп Талантбек Иманов дайындалды

Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп Талантбек Иманов дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин Иманов “Дастан” заводунда эмгектенгени маалым.   Белгилеп кетсек, буга чейинки санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев өз каалоосу менен кызматтан кеткени айтылган.

Бүгүн Казакстанда Улуттук аза күтүү күнү

Бүгүн, 10-январда коңшу Казакстанда январь айындагы баш аламандык учурунда каза болгондорго байланыштуу 10-январды Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо чечимин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.   2022-жылдын алгачкы күндөрүндө эле газдын кымбатташынан улам башталган нааразычылык акциялары полиция менен кагылышууга чейин жетип, өлкөнүн көпчүлүк аймагында баш аламандык… Кененирээк…

Өкмөт туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түздү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жөнүндө жарлыкты ишке ашыруу алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, министр Азамат Жаманкулов жыйында өлкөнүн тарыхый-маданий жана жаратылыш баалуулуктарынын мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, туризм тармагын… Кененирээк…

Казакстандан кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда

Казакстандан кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу жана кыргыз диаспоралары иш алып барып, 9-январда 14 жаран мекенине жеткирилди.   Андан тышкары, 15 адам поезд менен жөнөтүлдү. Бул жаатта иштер дагы уланат, — дешти министрликтен.

Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы Евразия чемпиону аталды

Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы Евразия чемпиону аталды. Түркиянын Стамбул шаарында өткөн биринчиликке биздин өлкөдөн тышкары, Болгария, Түркия жана Босния-Герцеговинанын курамалары катышты.   Кыргызстандык хоккейчилер финалда Босниянын спортчулары менен кез келип, 5:2 эсебинде жеңишке жетти.

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрү жана унаа тейлөөчү борборлор ишин бүгүн жандантат

“Унаа” мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрү жана унаа тейлөөчү борборлор ишин бүгүн жандантат. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.   Андан такташкандай, Борборлор бүгүнтөн тарта кадимки тартип менен иштейт. Белгилеп кетсек, “Унаа” мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрү жана унаа тейлөөчү борборлор 1-январдан 9уна чейин иштеген жок.

Бишкекте быйыл 15 мектеп куруу пландалууда

Бишкекте быйыл 15 мектеп куруу пландалууда.   Мэр Айбек Жунушалиев министрлер кабинетиндеги кеңешмеде билдиргендей, ордо калаада жыл аягына чейин 15 мектеп курулуп, андан тышкары, иштеп жаткан мектептерде кошумча корпустарды куруу пландалды. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен атайын берене менен каражат каралды.   Белгилеп кетсек, учурга карата… Кененирээк…