Адистер кумшекерден толугу менен баш тартуу организмге кандай өзгөрүүлөрдү алып келе турганын айтып беришти. РИА Новости эндокринолог Татьяна Бочаровага шилтеме келтирип билдиргендей, таттууну бир ай жебей коюу — организмдеги бардык системага оң таасир тийгизет.
Алсак, ичеги карындын иштеши, гормоналдык фон, зат алмашуу жакшырат. Уйкусуздук жоголуп, адам 4 килограммга чейин арыктайт. Андан тышкары, теринин картаюусу жайлайт.