Кыргызстандын хоккей боюнча курамасы Евразия чемпиону аталды. Түркиянын Стамбул шаарында өткөн биринчиликке биздин өлкөдөн тышкары, Болгария, Түркия жана Босния-Герцеговинанын курамалары катышты.
Кыргызстандык хоккейчилер финалда Босниянын спортчулары менен кез келип, 5:2 эсебинде жеңишке жетти.