Өкмөт туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түздү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров туризмди өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жөнүндө жарлыкты ишке ашыруу алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, министр Азамат Жаманкулов жыйында өлкөнүн тарыхый-маданий жана жаратылыш баалуулуктарынын мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, туризм тармагын өнүктүрүү боюнча сунуштарды берди.

 

Акылбек Жапаров мамлекет башчынын жарлыгы менен туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлгөнүн, туристтер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө колдоо көрсөтүүгө өкмөт даяр экенин билдирди.

 

“Биз экономиканын приоритеттүү тармагы – туризмди өнүктүрүүгө, инфраструктураны жакшыртууга, туристтер үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Туристтик объектилерге алып баруучу бардык жолдор аларды андан ары реконструкциялоо жана тейлөө үчүн Транспорт министрлигинин балансына өткөрүлүүгө тийиш», — деди Жапаров.

 

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана туристтик компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Коронавирус пандемиясынын айынан Кыргызстанда туризм тармагы көп жоготууга учурады. Туризм департаментинин маалыматына караганда, бул тармактагы жоготуулар өткөн жылы 80% жеткен. Тармактагы ишканалардын 15% жакыны жабылган.