Бүгүн Казакстанда Улуттук аза күтүү күнү

Бүгүн, 10-январда коңшу Казакстанда январь айындагы баш аламандык учурунда каза болгондорго байланыштуу 10-январды Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо чечимин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кабыл алган.

 

2022-жылдын алгачкы күндөрүндө эле газдын кымбатташынан улам башталган нааразычылык акциялары полиция менен кагылышууга чейин жетип, өлкөнүн көпчүлүк аймагында баш аламандык орун алды. Баш аламандык учурунда жалпы 164 адам набыт болгон.

 

Эске сала кетсек, Казакстанда нааразычылык акциялары бир нече күн мурун башталган. Жергиликтүү тургундар унаага куюлуучу газдын баасын арзандатууну талап кылып, өз шаарларынын көчөлөрүнө чыгышкан. Казакстанда жаңы жылдан кийин эле газдын баасынын литри 60 теңгеден 120 теңгеге чейин көтөрүлгөн.

Митингчилер республиканын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевден саясаттан кетүүнү талап кылышкан. Казакстанда өзгөчө абал режими киргизилип, өлкөнүн өкмөтү отставкага кеткен.

 

БУУнун маалыматы боюнча, Казакстандагы нааразычылык акцияларында 1000дей адам жаракат алган. Республиканын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, 18 коопсуздук кызматкери каза болгон.