Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп Талантбек Иманов дайындалды

Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп Талантбек Иманов дайындалды. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду. Буга чейин Иманов “Дастан” заводунда эмгектенгени маалым.

 

Белгилеп кетсек, буга чейинки санариптик өнүктүрүү министри Дастан Догоев өз каалоосу менен кызматтан кеткени айтылган.