Бишкекте быйыл 15 мектеп куруу пландалууда

Бишкекте быйыл 15 мектеп куруу пландалууда.

 

Мэр Айбек Жунушалиев министрлер кабинетиндеги кеңешмеде билдиргендей, ордо калаада жыл аягына чейин 15 мектеп курулуп, андан тышкары, иштеп жаткан мектептерде кошумча корпустарды куруу пландалды. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен атайын берене менен каражат каралды.

 

Белгилеп кетсек, учурга карата Бишкекте 97 мектеп бар. Бул жетишсиз болуп, айрым класстарда окуучулардын саны 40тан ашат.