Улуттук банк быйыл эки миң коллекциялык тыйын чыгаруу ниетинде

  Улуттук банк быйыл эки миң коллекциялык тыйын чыгаруу ниетинде. Башкы банктын сайтына жарыяланган маалыматка караганда, монеталардын бардыгы 10 сом номиналында болуп, күмүштөн жасалат.   Белгилүү болгондой, «Кыргызстандын кызыл китеби» сериясынын алкагында Улуттук банк «Кашкар бөрү карагаты» аталышындагы миң даана тыйынды жүгүртүүгө чыгарат. Ал эми… Кененирээк…

Кыргызстанда бир жумада эле 12 миңден ашык жол эрежеси бузулду

Кыргызстанда бир жумада эле 12 миңден ашык жол эрежеси бузулду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.   Рейддин алкагында ылдамдыкты жогорулатуу, тиешелүү документи жок унаа башкаруу, жол белгилерине баш ийбөө бузуулары басымдуулук кылды. Алардын жыйынтыгы менен айдоочуларга карата протоколдор түзүлүп, айып салынды.

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү кескин азаюуда

Токтогул ГЭСинде суунун көлөмү кескин азаюуда. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 10-январга карата өлкөнүн башкы резервуарында суунун көлөмү 9 миллиард 859 миллион кубометрди түздү.   Буга байланыштуу энергетиктер электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат.   Эске салсак, былтыркы жылдын апрель… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирустун штаммын аныктоочу эки лаборатория ачылды

Кыргызстанда коронавирустун штаммын аныктоочу эки лаборатория ачылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Ал кошумчалагандай, буга чейин илдетти аныктоо үчүн анализ Новосибирскке жөнөтүлүп, жыйынтыгын 10-15 күн күтүүгө туура келчү.   Азыр инфекцияны тезирээк аныктоого болот, — деди Бейшеналиев.

Баткенде жоокер каза тапты

Баткенде жоокер каза тапты.   Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Лейлек районундагы Кулунду айылында жайгашкан 707-аскер бөлүгүндө 20 жаштагы катардагы жоокер жанындагы шеригин кокустан атып алды.   Жабырлануучу ооруканада алган жараатынан улам көз жумду. Учурда окуянын себептери жана чоо-жайы иликтенүүдө.

Фотошопту көп колдонгондор психикалык жактан жабыркашы мүмкүн

Фотошопту көп колдонгондор психикалык жактан жабыркашы мүмкүн. Мындй тыянакка россиялык психолог Ольга Коротина-Гессе келди. Адистин айтымында, эгер адам өзүнүн сырткы келбетин кабыл алгысы келбесе, анда өзүн инсан катары тааныбайт.   Фотошопту көп колдонгондор чыныгы келбетине канааттанбай, жеке жашоодо дагы көйгөйлөр жаралат, — дейт психолог.

Кыргызстан мектептеринде 3-чейрек 12-январда башталат

Кыргызстан мектептеринде 3-чейрек 12-январда башталат. Билим берүү министрлигинен эске салышкандай,  окуучулардын кышкы каникулдары    31-декабрда башталып, эртең, 11-январда аяктайт.   Муну менен балдардын эс алуусу 12 күнгө созулат.

Кыргызстан калкынын 55 пайызы коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасы менен эмделди

Кыргызстан калкынын 55 пайызы коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасы менен эмделди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.   Анын айтымында, экинчи доза менен 1 миллион 25 миң адам эмдөөдөн өткөн – бул калктын 48 пайызын түзөт. Ал эми 8 миң адам үчүнчү доза… Кененирээк…

Кайра шайлоого аттанган талапкерлер 30-январга чейин күрөө акысын төлөшү керек

Кайра шайлоого аттанган талапкерлер 30-январга чейин күрөө акысын төлөшү керек. БШКдан билдиришкендей, күрөөнүн суммасы 100 миң сомду түзөт. Учурга карата комиссияга 22 талапкерден арыз келип түштү.   Алардын арасында экс-депутаттар, журналист, юрист жана башкалар бар. Эске салсак, Бишкектин Свердлов жана Биринчи Май райондорунда кайра шайлоо… Кененирээк…

Кыргызстанда социалдык маанилүү азык-түлүк жана күйүүчү майдын запасы жетиштүү

Кыргызстанда социалдык маанилүү азык-түлүк жана күйүүчү майдын запасы жетиштүү.   Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кыргыз-казак чек ара бекеттеринин жабылышына байланыштуу маалымат берип жатып билдирди.   Ал белгилегендей, азыктардын жетишсиздиги жана баалардын кескин көтөрүлүшү боюнча коркунучтар жок. Соңку маалыматтарга ылайык, учурда эки өлкө ортосунда Чүйдөгү… Кененирээк…