Дүйнөдөгү эң чоң кургак аймак деп эсептелген Сахара чөлүнө кар жаады.
Кар массасы чөлдүн тоолу аймагында орун алган Айн-Сефра шаарына түштү.
Ал деңиз деңгээлинен 1 миң метр бийиктикте жайгашкан. Алгач аталган аймакта
түнкүсүн абанын табы -2 градуска чейин төмөндөгөн. Сахаранын бул чөлкөмүндө
январда абанын орточо температурасы +14 градуста сакталат. Белгилеп кетсек,
Африканын аталган аймагына 42 жылдан бери бешинчи ирет кар жаады.