Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун кайра каттоого республикалык бюджеттен 320 миллион сом бөлүндү

Кыргызстанда калкты жана турак жай фондун кайра каттоого республикалык бюджеттен

320 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, каражат маалыматтарды топтогон 28 миң операторду окутууга,

ноутбуктарды сатып алууга жана айлыктарды төлөөгө жумшалат. Эске салсак,

25-марттан 3-апрелге чейин Кыргызстандын аймагында сурамжылоо жолу менен

калкты жана турак жай фондун каттоо өтөт. Ал эми республиканын алыскы

аймактарында 23-апрелден 2-майга чейин созулат