Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров кызматтан бошотулду
Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров берген арызынын негизинде кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка 19-январда билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев кол койгон. Белгилей кетсек, Өмүров аталган кызматка 2019-жылдын 30-сентябрында дайындалган.