Америкалык аял өзүнүн электрондук почтасындагы спам папкасын текшерип, күтүүсүз утушка ээ болду.
Ал жылдын башында лотерея сатып алып, бирок унутуп калган. Оюн 21-январда болгон.
Анда америкалык үч миллион доллар утуп алган, бирок бул тууралуу билген да эмес.
Аял бул ийгиликке дароо ишенген эмес. Эми ал каражатты үй-бүлөсүнө жумшап, мурда ойлогон пландарын ишке ашырганы жатат.