Кыргызстандагы стратегиялык магистралдарда жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат

Кыргызстандагы стратегиялык магистралдарда жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат. Унаа жана жолдор министрлигинен кабарлашкандай, айрыкча Суусамыр-Талас-Тараз жана Түндүк-Түштүк унаа жолдорунда иштер жүрүүдө.

 

Жол кызматтары жолдун жээгиндеги карды тазалап, кум себүүдө. Ведомстводон такташкандай, тоого сапарга чыгууну пландап жаткан бардык унаа ээлери жолдордогу абал жана кар көчкү коркунучу тууралуу алдын ала билип алышы керек.