Биринчи класска кабыл алуу боюнча электрондук кезек системасы быйыл өлкөнүн бардык мектептеринде ишке ашат

Биринчи класска кабыл алуу боюнча электрондук кезек системасы быйыл өлкөнүн бардык мектептеринде ишке ашат. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, жараян 11-апрелде эртең мененки саат 9да башталат.

 

“Электрондук эсепке алууну” киргизүүнүн негизги максаты билим берүү мекемелеринде ар бир балага бирдей укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү түзүү болуп саналат.

 

Белгиленген мөөнөттө каттоого үлгүрбөй калган ата-энелер үчүн балдарды кабыл алуунун экинчи этабы 4-июлдан 26-августка чейин жүргүзүлөт.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин электрондук кабыл алуу Бишкекте жана бир катар шаарларда гана уюштурулуп келген.