Трактор айдагандар үчүн айдоочулук күбөлүк алуу жеңилдейт.
Айыл-чарба министрлигинен билдиришкендей, учурда Жогорку Кеңеш унаанын бул түрүн айдагандарга укук бере турган документти алуу жоболоруна өзгөртүү киргизүүдө.
Маалым болгондой, азыркы мыйзамга ылайык, трактористтин айдоочулук күбөлүгү 6 категория менен берилет.
Ал эми сунушталып жаткан мыйзамда процесс эки эсе жеңилдейт.