Казакстандан кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда
Казакстандан кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугу жана кыргыз диаспоралары иш алып барып, 9-январда 14 жаран мекенине жеткирилди. Андан тышкары, 15 адам поезд менен жөнөтүлдү. Бул жаатта иштер дагы уланат, — дешти министрликтен.