Баткенде жоокер каза тапты
Баткенде жоокер каза тапты. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Лейлек районундагы Кулунду айылында жайгашкан 707-аскер бөлүгүндө 20 жаштагы катардагы жоокер жанындагы шеригин кокустан атып алды. Жабырлануучу ооруканада алган жараатынан улам көз жумду. Учурда окуянын себептери жана чоо-жайы иликтенүүдө.