Бүгүн Пекинде Олимпиада оюндары ачылат.
Ага биздин өлкөнүн тоо лыжа спортчусу Максим Гордеев катышат.
Ал 16-февралда “слалом” дисциплинасы боюнча таймашат.
Делегациянын курамында Гордеевден тышкары анын
машыктыруучусу жана Олимпиада комитетинин кызматкерлери бар.
Белгилеп кетсек, быйылкы кышкы Олимпиада оюндарына 91 өлкө катышат.