Жол эрежелерин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүү каралууда

Ички иштер министрлиги жол эрежелерин одоно бузган айдоочулардын жоопкерчилигин күчөтүүнү

сунуштаган мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Документ ылдамдыкты жогорулатуу, каршы тилкеге

чыгуу жана маневр жасоо эрежелерин бузуу жана машинаны мас абалында башкаруу жөнүндө.

Андан тышкары, мас абалында унаа башкарып, жол эрежесин бузган үчүн айдоочулук күбөлүктөн

ажыратуу сунушталат. Ошондой эле кырсык болгон жерден качып кетүү үчүн айдоочунун жоопкерчилигин

күчөтүү каралды. Документте жол эрежесин бир жылдын ичинде кайталап бузган үчүн айдоочу унаа

башкаруудан алты айга ажыратылат. Ал эми айдоочу мас абалын текшертүдөн баш тартса рулга отуруу

укугунан 5 жылга ажыратылат. Ушундай эле жаза күнөөкөр материалдык зыян келтирген же адамдын

ден соолугуна зыян келтирген (байкабастыктан) кырсык үчүн да сунушталат. Ошол эле учурда транспорт

каражатын спирт ичимдиктерине, баңги каражаттарына, психотроптук заттарга жана башка баңги заттарга

мас абалында айдаганда, ажыратуу мөөнөтүнүн ичинде кайталап жасалса, унааны башкаруу укугунан

10 жылга ажыратууга алып келет. ИИМ кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашып кеткендиги үчүн

айыптардын суммасын 20 миң сомго чейин көбөйтүүнү көздөп жатат. Азыр бул мыйзам бузуу

7 миң 500 сомго бааланууда.