Бишкекте ирригациялык тармактар тазаланып, сугат мезгилине даярдалууда.
Мэриянын маалыматына ылайык, учурда көрктөндүрүү боюнча кызматкерлер
Жаш Гвардия бульварын бойлогон каналды тазлоо менен алектенишүүдө.
Ал эми Ауэзов, Жукеев-Пудовкин, 7-апрель, Наманган, Скрябин, Лермонтов,
Манас, Анкара жана Үмөталиев көчөлөрүндөгү бак-дарактардын бутактарын
бутоо жүрүп жатат. Ошондой эле ордо калаанын бир катар көчө
кесилишинде бадалдар отургузулууда