Кыргызстанда 700дөн ашык үй-бүлө “Мамлекеттик ипотекалык насыя” аркылуу турак жай менен
камсыздалды. Үйлөргө болгон бересенин өлчөмү 2021-жылдын 31-декабрына карата 1,5 миллиард
сомдон ашты, — деп билдиришти өкмөттүн маалымат кызматынан. Андан белгилешкендей,
министрлер кабинети «Мамлекеттик ипотекалык компаниянын» уставдык капиталын
5 миллиард 300 миллион сомго чейин көбөйттү. Муну менен ипотекалык насыя
боюнча жылдык чен 4-6 пайызга чейин төмөндөтүлдү.