Кыргызстанда быйыл жыл башында жумушсуздун деңгээли 3 пайызды түздү

Кыргызстанда быйыл жыл башында жумушсуздун деңгээли 3 пайызды түздү. Көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 1 пайызга төмөндөдү. Жумушсуз жарандардын эң көбү Баткен жана Жалал-Абад облустарына туура келет, — деп билдиришти эмгек министрлигинен. Ал эми Бишкек менен Чүй облусунда жумушсуз жарандардын саны салыштырмалуу аз. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда… Кененирээк…

Дээрлик 1 миллион 120 миң кыргызстандык чет өлкөдө иштейт

Дээрлик 1 миллион 120 миң кыргызстандык чет өлкөдө иштейт. Бул тууралуу жарандарды чет өлкөдө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди. Ал белгилегендей, кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү, 1 миллион 63 миңи же өлкө калкынын 16 пайызы Россияда эмгектенет. Аталган жарандардын саны мындан да көп болмок. Алсак,… Кененирээк…

Дүйнөдөгү эн чоң кара бриллиант рекорддук суммага сатылды

Дүйнөдөгү эн чоң кара бриллиант рекорддук суммага сатылды. Сейрек кездешкен баалуу таштын салмагы 555 караттан ашык. Ал Лондондогу аукцион үйүндө 4 миллион 292 миң долларга сатылды. Кара бриллиант 2006-жылы Гиннес рекорддор китебине киргизилген. Таштын пайда болушу боюнча дагы бир катар теориялар бар. Алардын бири алмаз жерге… Кененирээк…

Бишкекте 140 орундуу бала бакча калаанын балансына өтөт

Бишкекте 140 орундуу бала бакча калаанын балансына өтөт. Мэриядан билдиришкендей, мектепке чейинки даярдоо мекемеси Карасаев көчөсүндө жайгашат жана ал 4 тайпага ылайык. Буга чейин имаратта спорттук мекеме жайгашкан. Учурда анда иштеп жаткан кызматкерлер башка объектке көчүрүлүүдө. Имаратты тез арада бакчага ылайыкташтыруу тапшырмасы тиешелүү кызматтарга тапшырылды.

Кыргызстанда эмгек рыногу боюнча «Электрондук эмгек биржасы» маалымат системасы ишке киргизилет

Кыргызстанда эмгек рыногу боюнча «Электрондук эмгек биржасы» маалымат системасы ишке киргизилет. Бул тууралуу эмгек министри Кудайберген Базарбаев билдирди. Анын айтымында, ведомство өлкөнүн бардык облустары жана райондору боюнча социалдык төлөмдөрдү алуучулардын санын иликтейт. Анын алкагында аз камсыз болгон жана жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн санариптик социалдык картасы түзүлөт.

5 облуста өтө турган айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого 24 миллион 683 миң сом сарпталат

5 облуста өтө турган айылдык кеңештин депутаттарын шайлоого 24 миллион 683 миң сом сарпталат. БШК чыгымдар сметасын бекитти. Анын ичинде БШКнын чыгымы 14 миллион 687 миң сомду түзөт. Бул суммага шайлоо комиссияларынын добуш берүүнү уюштурууга керектеле турган буюмдары сатып алынат. Ал эми калган 9 миллион… Кененирээк…

2022-жылы кайсы тармактын кызматкерлеринин маянасы көбөйөрү айтылды

2022-жылы кайсы тармактын кызматкерлеринин маянасы көбөйөрү айтылды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, быйыл медицина, аскер, билим берүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлыгын жогорулатуу пландалууда. Буга чейин айтылгандай окладдар апрелден тартып жогорулайт. Бирок канча пайызга экени так айтылган жок. Белгилеп кетсек, 2021-жылы 1-июлдан тарта маданият,… Кененирээк…

Синоптиктерден шашылыш билдирүү

Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, эртең жана бүрсүгүнү өлкөнүн басымдуу аймактарында кайрадан суук болуп, жаан, кар жаайт.   Тоолуу райондордордогу жолдордо кар күрткүлөр пайда болуп, муз тоңот. Мындай туруксуз аба-ырайы байланыш, транспорт, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат.

Криштиану Роналдунун улуу баласы дагы “Манчестер Юнайтед” клубу менен келишим түздү

Футбол жылдызы Криштиану Роналдунун улуу баласы дагы “Манчестер Юнайтед” клубу менен келишим түздү. Буга чейин кичи Роналду “Ювентустун” балдар командасында ойноп келген.   ТАСС маалымдагандай, ал “Манчестер Юнайтеддин” балдар клубунда жетинчи номер менен оюн талаасына чыгат. Атасы Криштиану Роналдуга дагы дал ушул 7-номер таандык.

Кыргызстанда жакынкы 2-3 жылда жүздөгөн кичи ГЭСтер, күн жана шамал электростанциялары ишке кирет

Кыргызстанда жакынкы 2-3 жылда жүздөгөн кичи ГЭСтер, күн жана шамал электростанциялары ишке кирет.   Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады.   Ал белгилегендей, биздин  өлкөнүн гидроэнергетика тармагындагы потенциалы болгону 10 пайызга гана колдонулуп келет. Учурга карата 3 кичи ГЭСтин курулушу башталды – Талас… Кененирээк…