Ошто жер титиреди

Ош облусунун аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтунун маалыматына таянып кабарлады. Ага ылайык, жер титирөө кечээ, 10-февраль күнү, саат 14:44тө болгон. Силкинүү Алай районунун Сары-Таш, Арча-Булак айылдарында 4 балл, Сары-Могол, Кара-Киндик, Бор-Дөбө, Талды-Суу, Ак-Босого, Кызыл-Алай, Кичи-Каракол айылдарында… Кененирээк…

Кыргызстандык балбандар эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандык балбандар эл аралык мелдешке катышат. Бириккен күрөш уюмунун маалыматына ылайык, күрөш боюнча турнир Стамбул шаарында  24-27-февралда өтөт.   Анда Кыргызстан намысын Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Эрназар Акматалиев жана Улукбек Жолдошбеков коргоп чыгат.

Мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары көбөйдү

Мигранттардын Кыргызстанга акча которуулары көбөйдү. Улуттук банктын маалыматына ылайык, өткөн жылы мекендештер 2 миллиард 756 миллион доллар которушту.   Бул 2020-жылга салыштырмалуу 379 миллион долларга көп.   2021-жылдагы статистика тарыхтагы рекорддук көрсөткүч болгон. Экинчи орунда 2018-жылдын январь-ноябрь айларындагы акча которуулар турат. Анда 2 миллиард 479 миллион… Кененирээк…

Ички иштер министрлиги жол эрежелерин одоно бузган айдоочулардын жазасын күчөтүүнү сунуштады

Ички иштер министрлиги жол эрежелерин одоно бузган айдоочулардын жазасын күчөтүүнү сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды.   Ага ылайык, ылдамдыкты жогорулатуу, маңдайкы тилкеге чыгып алуу жана мас абалында унаа башкаруу үчүн  айдоочуларды күбөлүгүнөн ажыратуу сунушталды. Ошондой эле, жол кырсыгына тиешеси бар болуп, бирок жеринен… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасындагы апрель айындагы жаңжалда жабыркаган жана каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө 37,5 миллион сом төлөндү

Кыргыз-тажик чек арасындагы апрель айындагы жаңжалда жабыркаган жана каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө 37,5 миллион сом төлөндү.   Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинен билдиришти.   Ведомстводон белгилешкендей, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон берилсе, жабыркаган жарандарга алган жарааттарына жараша –… Кененирээк…

Олимпиада оюндарында алгачкы допинг аныкталды

Олимпиада оюндарында алгачкы допинг аныкталды. Тыюу салынган препарат Ирандын тоо лыжа спортчусунда табылды. Ал оюндардын ачылыш аземинде өлкөсүнүн желегин көтөрүп чыккан.   Учурда ал мелдештерден убактылуу четтетилди. Эске салсак, ушул күндөрү Пекинде өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарында жалпысынан спорттун 15 түрү боюнча 109 медаль ойнотулат.… Кененирээк…

Президент Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий өнүгүүсүнө салым кошкон инсандарды сыйлады

Президент Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий өнүгүүсүнө салм кошкон инсандарды сыйлады. Сыйлык тапшыруу салтанаттуу аземи Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өттү.   Маданий ишмерлер, мугалимдер, куруучулар, экономисттер, дарыгерлер, мамлекеттик кызматкерлер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү жана көптөгөн башка кызматкерлер өлкө башчынын колунан сыйлык алды.

Сузак районунда дагы бир Калкты тейлөө борбору ачылат

Сузак районунда дагы бир Калкты тейлөө борбору ачылат. Жалал-Абад облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, борбор Ленин айыл өкмөтүндө пайда болуп, ал №36 кесиптик лицейдин имаратында жайгашат.   Белгилеп кетсек, дагы бир Калкты тейлөө борборун ачуу менен 7 айылдын 90 миңден ашык тургуну мамлекеттик кызматтарга… Кененирээк…

Бишкектин коомдук транспортунда окуучулар үчүн жол кирени азайтуу чечимин шаардык кеңеш депутаттары кабыл алат

Бишкектин коомдук транспортунда окуучулар үчүн жол кирени азайтуу чечимин шаардык кеңеш депутаттары кабыл алат.   Бул тууралуу транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.   Анын айтымында, бул суроонун үстүндө учурда мэрия иштеп жатат. Окуучуларга өзүнчө тариф боюнча бир нече варианттар сунулталат. Акыркы чечим шаардык кеңеште… Кененирээк…

Калкты каттоо учурунда жарандар эч кандай документтерин көрсөтпөйт

Калкты каттоо учурунда жарандар эч кандай документтерин көрсөтпөйт. Улуттук статистика комитетинен эскертишкендей, эл каттоо электрондук форматта оозеки сурамжылоо түрүндө жүргүзүлөт.   Тизмеге майыптык, миграция, интернет жана компьютердин бар-жоктугу боюнча суроолор кошулду. Эске салсак, Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоо быйыл эки этап менен өткөрүлөт.  … Кененирээк…